Кыргызстандын мыйзамдары эмгекти коргоо боюнча коомдук көзөмөлдү камсыз кылат.

Коомдук контролдун максаты — бул:

— коопсуз эмгек шарттарын түзүү;

— өндүрүштөгү кырсыктардын жана кесиптик оорулардын алдын алуу;

— өндүрүштөгү кырсыктардын жана кесиптик оорулардын туура жана өз убагында иликтенишине, жаракаттан улам жумушчуларга келтирилген зыяндын ордун толтурууга көзөмөл жүргүзүү.

Профсоюздар уюмдарда коомдук эмгек инспекциясын түзөт. Эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу, ишенимдүү адамдар кесиптик бирлик органдарынын атайын даярдалган кызматкерлери, профсоюздук активисттер жана профсоюздун башка мүчөлөрү боло алышат.

Эмгекти коргоо боюнча коомдук инспекторлор өз алдынча же комиссиялардын составында коомдук контролду ишке ашырышат.

        Инспекторго күбөлүк республикалык деңгээлдеги кесиптик бирлик органы — профсоюздар федерациясы, областтык же тармактык профсоюз тарабынан берилет.