Алар жамааттык келишимде же уюмдун башка жергиликтүү документинде жазылышы мүмкүн. Уюм кесиптик бирлик менен тыгыз кызматташтыкта ​​“Майыптыгы бар адамдардын жүрүм-турум кодексин” иштеп чыга алат.

Мындай учурда жамааттык келишимде Жүрүм-турум кодекси келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана милдеттүү түрдө аткарыла тургандыгын көрсөтүү жакшы. Эгерде уюмда кесиптик бирлик жок болсо, анда бул документ  майыптыгы бар адамдардын  эмгек укуктарын коргоого багытталган уюмдун локалдык программалык документинин ажырагыс бөлүгү болуп калышы мүмкүн.

Төмөнкүлөр мындай документти түзүү үчүн шилтеме боло турган сунуштар:

Адамга кайрылуу: Мүмкүнчүлүгү чектелген кызматкер менен сүйлөшкөнүңүздө аны коштоп жүргөн адамга же сүйлөшүү учурунда катышкан сурдокотормочуга эмес, түздөн-түз адамга кайрылыңыз.

Кол алышып учурашууда: саламдашуу учурунда мүмкүнчүлүгү чектелген адам менен кол алышуу табигый нерсе, анын ичинде  жана протез бар болгон учурда.

Көрүүсү начар же азиз адам менен жолугуп, баарлашканда өзүңүздү жана башкаларды тааныштырыңыз. Топто жалпы баарлашсаңыз,  учурда кимге кайрылып жатканыңызды түшүндүрүүнү, ошондой эле аты-жөнүңүздү айтууну унутпаңыз.

Жардам сунушу: эгер сиз жардам сунуштасаңыз, анын зарыл экенине ынаныңыз, ал кабыл алынганда гана, так эмне кылуу керектигин сурап, тактаңыз.

Кыймылдоонун коляска каражатына  таянбаңыз: коляска аны колдонгон адамдын кол тийбес мейкиндигинин бир бөлүгү.

Эстүүлүк жана чыдамкайлык: Сиз баарлашуу кыйынга турган адам менен сүйлөшүп жатканда, кунт коюп уккула. Сабыр кылыңыз, адам сүйлөмдү бүткүчө күтүңүз. Аны оңдобоңуз же ал үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөңүз. Эгер сүйлөшүп жатканда, сөз эмне жөнүндө болуп жатканын түшүнбөсөңүз, эч качан түшүнүп жаткандай анткорлонбоңуз.  Түшүнгөнүңүздү айтыңыз, бул адам сизге жооп берүүгө, ал эми сиз аны түшүнүүгө жардам берет.

Сүйлөшүү позициясы: Майыптар коляскасын же балдактарды колдонгон адам менен сүйлөшүп жатканыңызда, өзүңүздүн көзүңүз менен анын көздөрү бирдей деңгээлде болгудай кылып жайгашсаңыз, сиз оңой сүйлөшө аласыз. Эринди окуй алгандар менен сүйлөшкөндө, өзүңүздү ачык көрүнө тургандай абалга келтириңиз жана эч нерсеге (кофе/чай, кол) тоскоол болбошуна  аракет кылыңыз.

Адамдын көңүлүн өзүнө буруу: Угуусу начар адамдын көңүлүн буруу үчүн колду булгалап же ийинине бир аз таптап коюңуз. Анын көздөрүнө тике карап, так сүйлөгүлө, бирок угуусу начар адамдардын баары эле оозун окуй албасын унутпаңыз.

Көрүү же угуу жагынан майыптыгы бар адамдар менен сүйлөшкөндө кокустан “көрүшкөнчө” же “бул жөнүндө уктуңуз беле…?” деген сөздөрдү колдонсоңуз, уялбаңыз.

Адамда физикалык кемчиликтин көрүнгөн белгилеринин болушу психиканын же интеллекттин бузулушун билдирбейт. Ушул себептен улам, алар менен сүйлөшүүдө жигердүү жестикулациялоо же ашыкча колдоо көрсөтүү ж.б.у.с. болбойт.

Бул жерде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар менен баарлашуудагы этикеттин эрежелеринин жалпы тизмеси. Эң негизгиси, кандай кырдаал болбосун, эмпатияны унутпаңыз, сабырдуу жана достук мамиледе болуңуз. Эгерде сиз кандайдыр бир нерседен күмөн санап жатсаңыз, маектешиңизден бул жөнүндө түз сураңыз, муну менен аны таарынтуудан коркпоңуз, анткени сиз аны менен баарлашууга чын жүрөктөн кызыкдар экениңизди көрсөтөсүз. Түшүнүүгө умтулсаң, түшүнүлөсүң. Ал эми жакшы юмор сезими ар дайым кырдаалды басаңдатат — тактикалуу жана орундуу тамаша байланыш түзүүгө жардам берет. Бир сөз менен айтканда, өзүнө карата башка адамга болгон урмат-сый жана мамиле ар кандай өз ара мамиледе маанилүү аспект болуп саналат.