Кызматкер командировкага жөнөтүлгөндө анын иштеген жери (кызматы) жана орточо эмгек акысы сакталат.

Ошондой эле ага командировкага байланыштуу  кеткен чыгымдар да төлөнөт. Төлөмдөрдүн суммасы иш сапардын узактыгына жана кызматкер жөнөтүлгөн аймакка же өлкөгө жараша болот. Компенсациянын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (Министрлер Кабинетинин) токтому менен бекитилет.

Тактап айтканда:

-иш сапардык чыгымдар — бул чыгымдарды тиешелүү документтер менен ырастоо менен иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча;

— турак жайды ижарага алуу боюнча чыгымдар — документтер менен ырасталган иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча. Документтери жок болгон учурда чыгымдар суткалык пособиенин 50 пайызы өлчөмүндө төлөнөт;

— суткалык чыгымдар республиканын аймактарында командировкада болгон ар бир күнү үчүн 500 сом, Бишкек шаарында 600 сом өлчөмүндө төлөнөт;

— ошондой эле иш берүүчүнүн уруксаты боюнча кызматкер тарткан башка чыгымдар.