Иш берүүчү кызматкерди эмгек келишиминде каралбаган иштерди аткарууга мажбурлаган учурлар да кездешет.

Мисалы, айдоочуну машинелерди оңдоого мажбурлайт.

Же ашпозчу негизги жумуштан тышкары идиш жууп же жайларды тазалоо менен алектенет. Бул мыйзамсыз.

        Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 19-беренесине ылайык, кызматкер эмгек келишими боюнча өзүнө жүктөлгөн эмгек милдеттерин гана аткарууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 56-беренесине ылайык, мыйзамда белгиленген өзгөчө учурлардан тышкары, иш берүүчүгө кызматкерден эмгек келишиминде каралбаган иштерди аткарууну талап кылууга тыюу салынат.

Бул аракеттер үчүн иш берүүчү жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Бул үчүн кызматкер эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылуусу керек. Мамлекеттик органдын мындай жетекчиге айып салууга укугу бар. Бирок бул үчүн кызматкерде аудио, фото жана башка мыйзам бузуулар тууралуу далилдер болушу керек.