Ишке  орношууда кызматкер кандай документтерди бериши керек?

Биринчиси — паспорт же өздүгүн тастыктаган башка документ.

Экинчи документ — эмгек китепчеси.

Кийинки документ — социалдык камсыздандыруу күбөлүгү. Бул учурда паспорттогу Жеке идентификациялык номер (ПИН).

Ошону менен бирге эле, биринчи жолу ишке кирген адамдар үчүн эмгек китепчеси иш берүүчү тарабынан түзүлөөрүн эске алуу керек.

Андан ары аскердик каттоо документтери (аскердик кызматка милдеттүүлөр жана аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон адамдар үчүн).

Ал эми бешинчи — билими жөнүндө документ (адистиги, квалификациясы), эреже катары, диплом — бул атайын билимди (даярдыкты) талап кылган жумушта.

Айрым учурларда, аткарылган иштин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, мыйзамдарда жумушка орношууда кошумча документтерди көрсөтүү каралышы мүмкүн. Мисалы, кызматкер окуу жайына, коомдук тамактануу жайына  кабыл алына турган болсо, анда санитардык  китепчесин бериш керек. Же кээ бир учурларда, алдын ала медициналык кароодон өтүү талап кылынат.

Бирок, маанилүү жагдай, ишке орношууда, кызматкерлерден мыйзамда каралгандан тышкары  документтерди талап кылууга тыюу салынат.

Ошондой эле кызматкердин саясий партияларга, кыймылдарга же диний уюмдарга тиешелүүлүгү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле кызматкердин жеке жашоосу жөнүндө маалыматтарды чогултууга тыюу салынат. Мисалы, иш берүүчү никени каттоо күбөлүгүн берүүнү талап кылат. Бул мыйзамсыз!