Соңку кездери “харассмент” деген термин абдан популярдуу болуп кетти.

Жумуш ордунда харассмент — жеке турмуштун кол тийбестигин бузган жана адамдын укуктарын жана эркиндиктерин басмырлаган, көбүнчө кызматтык абалынан пайдалануу менен сексуалдык асылуу.

Бул түздөн-түз жумуш ордунда, жумушка баратканда жана артка кайтканда, командировкада, жумушка байланыштуу ар кандай сапарларда болушу мүмкүн.

Бул гендердик дискриминациянын бир түрү!

Статистикалык маалыматтарга ылайык, жумушта ар бир үчүнчү аял сексуалдык асылууга дуушар болгон, бирок алардын 10% дан ашпаганы коргоо үчүн кимдир бирөөлөргө кайрылышкан.

Эмгек чөйрөсүндөгү дискриминацияга Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси жана “Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен тыюу салынат.

2019-жылы ДЭУнун №190 “Жумуштагы зомбулукту жана куугунтуктарды жоюу жөнүндө” Конвенциясы кабыл алынган.