Эмгек чөйрөсүндөгү социалдык өнөктөштүк — кызматкерлердин (алардын өкүлдөрүнүн), иш берүүчүлөрдүн (алардын өкүлдөрүнүн), мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы эмгекти жөнгө салуу жана алар менен түздөн-түз байланышкан башка мамилелерди жөнгө салуу маселелери   кызыкчылыктарын   камсыз кылууга багытталган мамилелер системасы.

Социалдык өнөктөштүк системасы төмөнкү деңгээлдерди камтыйт:

— Кыргыз Республикасындагы социалдык-эмгек  мамилелерди жөнгө салуунун негиздерин белгилеген республикалык деңгээл;

— тармактагы эмгек чөйрөсүндөгү социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуунун негиздерин белгилеген тармактык деңгээл;

— администрациялык-аймактык бирдиктердин деңгээлинде эмгек чөйрөсүндөгү социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуунун негиздерин белгилеген аймактык (облустук, шаардык, райондук) деңгээл;

— кызматкерлер менен иш берүүчүнүн ортосундагы иш чөйрөсүндө конкреттүү өз ара милдеттенмелерди белгилеген уюштуруу деңгээли.

 Социалдык өнөктөштүктүн төмөнкүдөй формалары бар (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 26-беренеси):

— жамааттык келишимдердин/макулдашуулардын долбоорлорун даярдоо жана жамааттык келишимдерди/макулдашууларды түзүү боюнча жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. Жамааттык келишимдер, анын ичинде аларды жүргүзүү тартиби жөнүндө кененирээк   Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 6-главасынан окуп, таанышууга болот;

— эмгек мамилелерин жана аларга түздөн-түз байланышкан башка мамилелерди жөнгө салуу, кызматкерлердин эмгек укуктарынын кепилдиктерин камсыз кылуу жана эмгек мыйзамдарын жана эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү маселелери боюнча өз ара консультацияларды (сүйлөшүүлөр);

— кызматкерлердин (алардын өкүлдөрүнүн) уюмду башкарууга катышуусу;

— эмгек талаш-тартыштарын чечүүгө кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу.