Иштеп жаткан ар бир жаран, анын ичинде мурда иштен бошогондор да, анын ишине байланыштуу документтерди алууга укуктуу.

Бул  ишке кабыл алуу, башка ишке которуу, жумуштан бошотуу тууралуу буйруктар, эмгек китепчесинен көчүрмөлөр, эмгек акы жөнүндө жана ушул уюмда иштеген мезгили жана башкалар туралуу маалымкаттар.

Бул үчүн эмне кылуу керек?

Сиз иш берүүчүгө жазуу жүзүндө кайрыласыз, ал беш күндүн ичинде сизге ишке байланыштуу документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү, б.а. бул документтер жооптуу кызматкердин колу жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Мындан тышкары, кызматкер уюмдун жергиликтүү актылары, ички эмгек тартиби, жамааттык келишим, тиешелүү жоболор жана нускоолор менен таанышып чыгууга тийиш.