Эмгекти коргоо — эмгек ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган чаралардын комплексин ишке ашырууну камсыз кылуучу тутум жана Кыргыз Республикасындагы  эмгекти коргоону  камсыздоого багытталган тиешелүү мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актылардын негизинде иштеген система. 

Бул укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруучулук, техникалык, санитардык-гигиеналык, дарылоо-профилактикалык, реабилитациялык жана башка иш-чараларды камтыган эмгек ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо системасы. Эгерде бул компоненттердин бири бузулса, анда эмгекти коргоонун бардык системасы бузулат. Бул учурда биздин республикада акыркы жылдарда бир кыйла көбөйгөн жана көп жагынан уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылынган күтүүсүз кырсыктар болбой койбойт.

Демек, ишканада эмгекти коргоо анын бардык компоненттери сакталган учурда камсыз кылынат.