Кесиптик бирлик мүчөлөрү мыйзамсыз иштен бошотуудан мыйзам чегинде коргоо укугуна ээ.

Бул үчүн Эмгек кодексинде кызматкерди иштен бошотууну уюмдун Кесиптик бирлик менен макулдашуунун тартиби каралган.

Милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш болгон эмгек келишимин бузууга негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

— штатты кыскартуу;

— квалификациясынын жетишсиздигинен улам ээлеген кызматына ылайык келбегендик;

— тартипти бир нече жолу бузуу, милдеттерин аткарбоо;

— оор кесепеттерге жана жаракаттарга алып келген эмгекти коргоо талаптарын бузуу.

Жамааттык келишимде алар боюнча кесиптик бирлик комитетинин макулдугу талап кылына турган, башка негиздер каралышы мүмкүн.

Кызматкерди иштен бошотууга макулдук берүү жөнүндө иш берүүчүнүн арызы жети күндүн ичинде кесиптик бирлик комитети тарабынан каралууга тийиш. Андан кийин 1 айдан кечиктирбестен иш берүүчү эмгек келишимин бузууга укуктуу.