Жумушчулардын айрым категориялары түнкүсүн  иштешет. Дарыгерлер, социалдык, коммуналдык кызматтардын кызматкерлери, үзгүлтүксүз өндүрүш, энергетика жана башка көптөгөн адамдар көпчүлүк уктап жатканда иштөөгө аргасыз болушат.

Түнкүсүн, тактап айтканда, кечки саат 22:00дөн таңкы 6га чейин иштегендердин акысы бир жарым эседен кем эмес төлөнөт.

Эгерде сааттык ставка 100 сом болсо, анда тунку жумуштун ар бир саатына 150 сом өлчөмүндө  акы төлөнүү  керек.

Эгерде сиздин уюмда кесиптик бирлик болсо, анда түнкү иштегени үчүн эмгек акыны жогорулатуунун өлчөмү жөнүндө маселе анын милдети болуп саналат, анткени Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (кайсы мыйзамга) ылайык түнкү жумушта иштегени үчүн жамааттык келишимде белгиленген үстөк акынын жогорулатылган өлчөмү белгилениши мүмкүн.

Профсоюздун эмгегинин жана чечкиндүүлүгүнүн аркасында жогорулатылган кечки үстөк акчалар 70 жана 100 процент деңгээлинде белгиленген мисалдар бар.