Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинде эмгек келишими токтотулушу мүмкүн болгон төмөнкүдөй учурларда жана негиздер каралган:

1) уюм (юридикалык жак) жоюлганда;

2) кызматкерлердин санын же штатын кыскартуу;

3) кызматкер ээлеген кызматына ылайык келбегенде:

а) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча;

б) аттестациянын натыйжасында квалификациясы талапка жооп бербестиги, тастыкталса, эмгектин ченемдерин аткарбагандыгы жөнүндө маалымкаттар, брак чыгаргандыгы тууралуу актылар жана башка маалыматтар;

4) уюмдун мүлкүнүн менчик ээси алмашканда (бирок уюмдун жетекчисине, анын орун басарларына жана башкы бухгалтерине карата гана);

5) эгерде анын тартиптик жазасы бар болсо, кызматкер эмгек милдеттерин жүйөлүү себептерсиз кайталап аткарбаса;

6) кызматкер тарабынан эмгек милдеттери бир жолу одоно бузулса:

а) жумушка келбей калуу (жумуш күнү катары менен үч сааттан ашык жумушка жүйөлүү себепсиз келбей калуу);

б) жумушка алкоголдук, баңги же токсикалык мас абалында келүү;

в) иштеген жеринде уюмдун мүлкүн атайылап бузуу же уурдоо;

г) оор кесепеттерге, анын ичинде жаракаттарга жана кырсыктарга алып келген кызматкер тарабынан эмгекти коргоо талаптарынын бузулушу;

д) иш милдеттерин аткарууга байланыштуу кызматкерге белгилүү болгон мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды ачыкка чыгаруу;

 7) акчалай же товардык баалуулуктарды түздөн-түз тейлеген кызматкер тарабынан күнөөлүү аракеттерге жол берилсе;

8) тарбиялык милдеттерди аткаруучу кызматкер тарабынан бул ишти улантууга туура келбеген адеп-ахлаксыз жорук жасалса;

9) уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн) жетекчисинин, анын орун басарларынын жана башкы бухгалтеринин коопсуздукту бузууга, уюмдун мүлкүнөн максатсыз пайдаланууга же башка зыян келтирүүгө алып келген негизсиз чечим кабыл алынышы;

10) эмгек келишимин түзүүдө кызматкер иш берүүчүгө жасалма документтерди же атайылап жалган маалыматтарды бергенде;

11) уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн) жетекчисинин, анын орун басарларынын эмгек милдеттерин бир жолу одоно бузуусу;

12) Эмгек кодексинде жана башка мыйзамдарда белгиленген башка учурларда.

Бул статьяда келишимдин түрүнө карабастан (белгисиз мөөнөткө же мөөнөттүү келишим) иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу үчүн негиздердин тизмеси белгиленет.

Ушул статьянын талаптары менчигинин формасы жана ишинин түрү  кандай болбосун уюмдар (мамлекеттик мекеме, акционердик коом, коомдук бирикме жана башкалар) үчүн милдеттүү болуп саналат.